Таласта мектеп курууда бюджеттен 4 млн сом негизсиз төлөнгөн. Тергөө башталды

Талас облустук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери аягына чыкпаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада куруучу ишканага негизсиз түрдө 4 млн 200 миң сом бюджеттен төлөнүп берилген.

Бул факты боюнча облустук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.

3 Июнь 2026 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча