Таласта «Жерүй» ГЭСи курулат

Талас облусунда кубаттуулугу 28 МВт жеткен «Жерүй» ГЭСи пайда болот. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Ысык-Кел облусунда өткөн кыргыз-орус экономикалык форумунда «Альянс Гидро» ЖЧКсынын башкы директору Александр Абрамов билдирди.

Анда Талас облусунда баасы 40 млн долларга бааланган «Жерүй» гидроэлектростанциясынын курулушун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюлду.

Абрамовдун айтымында, 2022-жылдын декабрь айында «Росатом Борбордук Азия» компаниясы аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдаган. Долбоор кубаттуулугу 28 МВт болгон, жылдык өндүркмү саатына 100 млн Квт болгон ГЭС курууну максаттайт.

«Учурда макулдашуунун 25 млн долларлык бөлүгү макулдашылды, ал эми анын жалпы баасы 30 млн доллардан ашык. 2025-жылдын январь айында курулуш-монтаждык иштерди баштоону пландап жатабыз», — деген ал.

Курулуш-монтаждык иштерди 2026-жылдын 2-кварталында аяктоо, ал эми аны ишке берүү 2027-жылдын 1-кварталына пландалган.

13 Сентябрь 2024 жыл 20:13

Тема боюнча