Таластагы лицейде окубай чет өлкөдө жүргөн студенттерге мыйзамсыз диплом берилген

Окубаган студенттерге диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас облусунун Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

22 Апрель 2025 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча