Таластан дайынсыз болуп жаткан Акылай Бишкектен табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ 15-августта Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан Талас шаарынын тургуну 14 жаштагы Акылай дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат таратылган. Бул маалымат ЖМКга жарыяланган соң, кыздын кайсы жакта жүргөндүгү тууралуу маалыматтар милицияга билдирилген.
Акылай бүгүн 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген.
Окуяга кайдыгер карабай милицияга көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз.