Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды (чынжырча жб) ала жүрүүгө чакырат.