Транспорт министри Талантбек Солтобаев транспорттук лабораторияны текшерди

Бүгүн Талантбек Солтобаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында бир катар объекттерди кыдырууда. Анын алкагында министр Талантбек Солтобаев ведомствого караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын директору Таалайбек Ашимбеков лабораториянын иши тууралуу айтып берип, ал бардык зарыл талаптарга жооп берерин белгиледи. Анын айтымында, бул жерде асфальт-бетон аралашмалары, инерттүү материалдар, битум жана башка жол курулуш материалдары сыноодон өткөрүлөт.

«Кыргызжолтрансдолбоор» МИнин сыноо лабораториясынын негизги максаты жол курулуш материалдарын сыноонун жогорку сапатын камсыз кылуу болуп саналат, бул жол тармагында сапаттуу чийки заттардын жана материалдардын колдонулушуна өбөлгө түзөт.

Ошондой эле министрге лабораториялык сыноолорду өткөрүү процесси көрсөтүлүп, материалдардын сапатын текшерүү кандайча жүргүзүлөрү тааныштырылды.

10 Июнь 2026 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча