Ташиев кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иши башталарын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 21-апрелде баштала турганын билдирди. Бул тууралуу 18-апрелде Баткен облусунда жергиликтүү тургандар менен жолугушуу учурунда айтты. Бул кыргыз бийлиги үчүн “маанилүү жумуш” экенин белгилеп, чек арага зым тартыларын тактады.

“Лаккондон баштайбыз. Чек ара сызыктарынын негизинде демаркациялык жумуштарды баштайбыз. Буга акчабыз, адам ресурстарыбыз жетиштүү. Кадамжайда инженердик-сапёрдук рота деген бар эле, ошону бүгүн Баткенге көчүрүп келдик. Бул жактагы аскер кызматкерлеринин баарын иштетебиз”, — деди Ташиев.

Ал кыргыз-тажик чек арасына эки мамлекет тең өзүнчө зым тартып чыгарын кошумчалады.

19 Апрель 2025 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча