Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, анын ордуна мамлекетке төрөт үйүн куруп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда Сузак районундагы Чокмор айылындагы жаңы төрөт үйүнүн ачылышында сүйлөп жатып билдирген.
“Мурда биздин чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор, Кыргызстандан тапкан акчасын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакта бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакта заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп, Кыргызстанга келе албай жүрүшкөнүн билебиз. Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өздөрүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат”, — деген Жапаров.