Ысык аба ырайы өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Дарыгерлер коңгуроо кагат

Өлкөдөгү синоптиктер ысыкаба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратып,  16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүндүгүн жана Таласта 33-38 градуска жетиши ыктымалдыгын эскертүүдө. 

Мындан улам синоптиктер мындай кургак ысык аба ырайында суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактанууүчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири суугаруу сунушталат.

Ал эми дарыгерлер болсо, көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч аларын коңгуроо кагышууда. Тактап айтканда, ысыктын жогорку чегин жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эле эмес, дени сак адам да көтөрө албай турганын медицина кызматкерлери эскертет.
Айрыкча жашы улгайып калгандарга, кош бойлууларга, өнөкөт оорулары жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана башкалар менен ооругандарга кооптуу.

Ошондой эле айрым жарандарда ичеги-карын инфекциялары козголуп, ысыкта жарабай калган тамак-аштан уулануу көбөйөт. Анткени аптап инфекциянын кеңири жугушуна жол ачат, мындан улам тамак-аш азыктарын абайлап колдоону зарыл.  

Белгилей кетсек, күндүн табына байкоо салган адистердин божомолунда, 18-майдан баштап  абанын температурасы төмөндөп, көпчүлүк аймактарда  жаан-чачын жаашы күтүлүүдө.

15 Май 2025 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча