Жалал-Абаддагы базардан өрт чыкты (Видео)

Жалал-Абад шаарында алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 19-июнда Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан Береке базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

“Өрттү өчүрүүгө саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылды.
Кошумча саат 09:28де Жалал-Абад дагы 2 бөлүм, жалпы 4 күжүрмөн эсеп өрт өчүрүүгө чыгышты. Ошондой эле тез жардам кызматынан 1 бригада жана КР ИИМден кызматкерлер жерине тартылды.
Кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат маалыматта.

19 Июнь 2025 жыл 10:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча