Жол оңдоо. Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 14-августта Юнусалиев көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.

Буга байланыштуу № 6, 175, 212 жана 215 муниципалдык автобустардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек мэриясы жарандарга тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

14 Август 2024 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча