1-октябрдан 4-октябрга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында катуу жаан-чычын күтүлөт, бул сел агымдарынын жүрүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Бийик тоолуу аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Бийик тоолуу жайлоолордогу малчыларга малды алдын ала коопсуз жана төмөн жайгашкан аймактарга айдап түшүү сунушталат.
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жарандарды коопсуздук чараларын көрүүгө жана кооптуу тилкелерден оолак болууга чакырышат.