Сентябрь айы үчүн 46 миңден ашык бюджеттик кызматкер биринчи жогорулатылган айлыгын алат

Сентябрь айы үчүн 46 миңден ашык бюджеттик кызматкер биринчи жогорулатылган айлыгын алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Штаттык санды жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев «Биринчи радионун» эфиринен билдирди.

Анын айтымында, президенттин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча тиешелүү долбоорлор иштелип чыгып, кабыл алынды.

«Бул чечимдердин негизинде 46 миңден ашуун кызматкердин эмгек акысы көтөрүлүп жатат. Мамлекеттик жарандык кызматкерлердин эмгек акысы 41 пайызга чейин, муниципалдык кызматкерлердики 47 пайызга чейин өсөт. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген мамлекеттик бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы 45 пайызга жогорулады», — деди Карыпбаев.

29 Сентябрь 2026 жыл 18:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча