Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери аталды

Үстүбүздөгү жылдын январь — июль айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 976 бала чарчап калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде каза болгон ымыркайлардын саны 923тү түзгөн.

Көрсөтүлгөн мезгилде өлүмгө алып келген негизги себептер:

  • перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар — 664 бала (чарчап калган балдардын жалпы санынын 68 пайызы);
  • тубаса өрчүп-өсүү кемтиктери — 161 ымыркай (16 пайыз);
  • дем алуу органдарынын оорулары — 86 бала (9 пайыз).

Белгилей кетсек, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселеси Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы коллегияларынын биринде көтөрүлгөн.

Мурдараак ведомство 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону анонстогон. Негизги артыкчылыктуу багыттардын катарында төмөнкүлөр бар:

  • кош бойлууларды мониторингдөө жана пациенттердин маршрутизациялоо тутумун өркүндөтүү;
  • медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра кароо;
  • пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;
  • генетикалык лаборатория түзүү;
  • үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди өнүктүрүү.
29 Сентябрь 2026 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча