Азия оюндары-2026: Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси болду

Бүгүн, 29-сентябрда, кураш боюнча Кыргызстандын спортсмени Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду.

Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортсмен Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттеште Ирандык Вахид Бариманлоуго 0:3эсебинде утулуп, үчүнчү орунду ээледи

29 Сентябрь 2026 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча