2027-жылдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө өлкө боюнча күчүнө кирет

Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга байланыштуу чектөөлөр өлкө боюнча күчүнө кирет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалык башчысы Нурсултан Акматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча мыйзам 2023-жылы кабыл алынган. Ысык-Көл облусу мыйзамды ишке ашыруунун пилоттук аймагы катары аныкталган.

“Үч жылдан бери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Ысык-Көл облусунда жакшы жыйынтыктар бар. Желим баштыктарды бекер таратууга тыюу салынган. Акырындык менен кагаз баштыктарга өтүп жатабыз. Эми 2027-жылдан баштап бул мыйзам жалпы республика боюнча күчүнө кирет”, — деди ал.

Ошондой эле колдонууга уруксат берилген баштыктардын түрлөрү аныкталганы маалымдалды.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, уруксат берилген баштыктардын талаптарга шайкештигин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

29 Сентябрь 2026 жыл 11:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча