Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жарандарга кайрылып, 1-сентябрга чейин унааларын ОСАГО полиси менен камсыздандырып коюуга чакырды.
Себеби 1-сентябрдан тарта өлкө боюнча текшерүүлөр күчөтүлүп, полиси жок айдоочуларга мыйзам боюнча айып пулдар салына баштайт.
Өз убагында ОСАГО полисин алуу — бул мыйзамды аткаруу гана эмес, жолдо өз коопсуздугуңузду жана жакындарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу!