Эртең, 18-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −2…+3, күндуз −1…+4;
Таласта түнкүсүн −3…+2, күндүз −1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндуз +4…+9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4…+1, күндүз +2…+7;
Нарында түнкүсүн −5…-10, күндүз −3…+2.
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…-2°, күндүз +1…+3° жылуу болот.