«24.01.24». Кыргызстанда «өзгөчө» датада 200гө жакын түгөй баш кошту

 Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган «өзгөчө» датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өттү.

Ага ылайык, Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1 430га көбөйгөн.

Ал эми 2024-жылдын январында 2 миң 838 түгөй никеге турган.

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги никеге туруп жаткан түгөйлөр арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзүлө тургандыгын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

25 Январь 2024 жыл 13:55

Тема боюнча