Эртең, 25-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
Таласта түнкүсун 0…5, күндүз 15…20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24
Ысык-Көлдө түнкүсүн −3…+2, күндүз 12…17
Нарында түнкүсүн −3…+2, күндүз 7…12
Бишкекте түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° жылуу болот.