3 кыз жана 2 эркек. Анжиян шаарында бир үй-бүлөдө беш эм төрөлдү

Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян шаарында бир үй-бүлөдө беш эм төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, 6-июлда Кайрагачташ маалесинин тургуну көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

Бир нече сааттан кийин толгоо мөөнөтүнөн эрте башталып, дарыгерлер кесарево жасашкан. Үч кыз жана эки эркек баланын салмактары 1205 граммдан 1605 граммга чейин.

Учурда келин жана ымыркайлар Эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборунун аймактык филиалына которулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, аялдын жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Беш эмдин төрөлүшү дүйнөдө абдан сейрек кездешүүчү көрүнүш.

Германиянын Charité клиникасы 2025-жылдын ноябрь айында ал жерде беш эм төрөлгөндөн кийин келтирген статистикага ылайык, табигый жол менен беш эмдин боюна бүтүшү болжол менен 50 миллион кош бойлуулуктун бир учурунда гана кездешет.

Өткөн жылы июнь айында Анжиян облусунда төрт эм — үч эркек жана бир кыз төрөлгөн. Анда дагы толгоо эрте башталгандыктан, дарыгерлер аялга кесарево жасашкан.

7 Июль 2026 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча