4 айылды бириктирген Коммунизм–Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт толук төшөлүп бүттү

Ноокен районундагы Коммунизм–Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды. Союз мезгилинен бери бул жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, ушул убакка чейин жалаң гана чуңкурларын бүтөө иштери аткарылып келген.Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн жүрүү кыйла ыңгайлуу болуп, унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз каттоосуна шарт түзүлүп, айылдардын ортосундагы транспорттук байланыш жакшырды»,-деп айтылат маалыматта.

26 Июнь 2026 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча