Суучул Владислав Шулико өлкөнүн бардык суу сактагычтарын сүзүп өтүүдө

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Кыргызстандын ар бир облусундагы суу объектилерин сүзүп өтүп, дүйнөлүк чемпионаттын желек эстафетасына катышууда.

Суу-мотордук спорт федерациясынан билдиришкендей, күн мурун спортчу Нарын облусундагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүн ийгиликтүү сүзүп өттү.

«Алдыда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү күтүүдө. Дал ушул жерде 2026-жылдын күзүндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу F1H2O дүйнө чемпионаты өтөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Бул долбоор спортту жана дени сак жашоо образын жайылтууга, спорттук туризмди өнүктүрүүгө, өлкөбүздүн жаратылыш жана туристтик потенциалын алга жылдырууга, ошондой эле экология маселелерин коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталганы белгиленет.

26 Июнь 2026 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча