Айдоочу аялды көргөн эмес. Бишкекте оор жүк ташуучу унаа 58 жаштагы аялды тебелеп кеткен

Бишкекте жол кырсыгы катталды, деп билдиришти ЖКККБнын басма сөз кызматынан.

24-июнда болжол менен саат 15:05те Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 58 жаштагы аял жолду белгиленбеген жерден кесип өтүп жаткан маалда «Хово» жүк ташуучу унаасынын алдында калды.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу аялды көргөн эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

26 Июнь 2026 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча