28–29-июнь күндөрү 40 градуска чейин ысык болот

Өлкө аймагында 28–29-июнь күндөрү абанын температурасы кескин жогорулайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет.

Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

  • күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө;
  • көп суу ичүүгө;
  • айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз сугарууга сунуш кылынат.
26 Июнь 2026 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча