Эртең, 4-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жана кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо катуу жаан-чачын болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −1…+4 күндүз 5…10
Таласта түнкүсүн −2…+3 күндүз 9…11
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…6 күндүз 14…16
Ысык-Көлдө түнкүсүн −3…+2 күндүз 3…8
Нарында түнкүсүн −3…-5 күндүз 1…4
Бишкекте түнкүсүн 1…+3°, күндүз +8…+10° болот.