Синоптиктер билдиргендей, эртең, 8-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Абанын табы борбор шаарда түнкүсүн +20… +22, күндүз +32… +34 градуска жетет.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17… +22, күндүз +31… +36;
Талас жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +28… +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19… +24, күндүз +33… +38;
Нарын аймагында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22… +27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12… +17, күндүз +21… +26.