Эртең, 9-октябрда Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +16 … +21,
Талас жергесинде +15… +20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +20… +25,
Ысык-Көлдө +15 … +20,
Нарында +12… +17 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +19… +21 градуска жетет.