Ноокенде 4 айылды бириктирген жолго асфальт төшөлдү

Ноокен районунда 4 айылды бириктирген Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна асфальт төшөлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралган.

«Союз мезгилинен бери бул жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, аң-чөнөктөрдү гана бүтөө иштери аткарылып келген», — деп айтылат маалыматта.

26 Июнь 2026 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча