Ошто заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды 

Бүгүн, 26-январда Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага ӨКМнын биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А.Соловьева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров жана өрт өчүрүүчү куткаруучулары катышты.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин орун басары Азамат Мамбетов үч тараптуу кызматташуунун алкагында өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу, жаңы имараттарды куруу, заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралганын айтты. Ошондой эле ал долбоордун баштапкы этаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы имараттар ачылып, күжүрмөндүк менен иштөөгө шарттар түзүлгөнүн кошумчалады. Ал эми ӨКМдин тыгыз кызматташтыкта иш алып барган өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

1964-жылкы эски имараттын ордуна эки кабаттуу өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы өрт өчүрүүчү унааларын сактоого ыңгайлуу болуп, зарыл талаптар эске алынган. Куткаруучулардын ыкчам иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эс алуучу бөлмөсүнөн тарта ашкансына чейин заманбап жабдылып атүгүл, ден-соолуктарын чыңдоого ылайыкталган спорт залы да камсыздалган.

Белгилей кетсек, ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар менен жабдылган.

«Заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана “KOICA” — Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду», — деп айтылат маалыматта.

26 Январь 2024 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча