Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.