Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол ачык, каттам бар.
Министрлик айдоочуларга жолдо жүрүүдө коопсуздукту, жол эрежелерин так сактоону эскертет.