Айдоочунун эсине! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;
Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19 Январь 2026 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча