Аймактардагы жолдор асфальтталууда

Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти-Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда.
Мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол эле. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкталып курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 7,25 чакырым аралыкка алгачкы жолу толук асфальт төшөлөт.
Учурда министрликтин атайын техникалары тартылып, бардык иштер ырааты менен өз убагында аткарылууда.
Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин айылдардын ортосундагы транспорттук каттам жакшырып, калктын жашоо шарты кыйла жеңилдейт.
Президент Садыр Жапаровдун аймактардагы жол инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча тапшырмасынын негизинде өлкөдө жол куруу иштери кызуу уланууда.

8 Июнь 2026 жыл 17:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча