Бишкек шаарындагы муниципалдык көрүстөндөрдө жубайынын жанынан жерди алдын ала брондоо ыктыярдуу болуп саналат. Мэрия белгилегендей, мындай укук никени тастыктаган документтери бар жарандарга берилет.
Жалпы брондоо баасы болжол менен 150 миң 647 сомду түзөт. Анын ичинде жер тилкесин даярдоо, көрктөндүрүү жана 10 жылдык санитардык тейлөө чыгымдары камтылган.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти 50 647 сом өлчөмүндө сунушталууда.
Ал эми калган жарандар үчүн сөөк коюу тартиби өзгөрүүсүз калары айтылды.
Толук маалымат алуу үчүн «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына 0312 370 327 телефону аркылуу кайрылууга болот.