Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Маалыматтарга караганда маркум бүгүн көчөдө баратып, абалы начарлап кеткени айтылууда.
Белгилей кетсек, маркум Мыктыбек Абдылдаев 2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына шайланган. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
2023-жылы Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген.