Бир жума ичинде 360тан ашык мас айдоочу кармалды

29-майдан 4-июнга чейин өлкө аймагында 24 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 539;
  • мас абалында унаа башкаруу — 362;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 238;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 502;
  • авто ээнбаштык — 52;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 135;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 267;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

8 Июнь 2026 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча