«Альянс Алтындын» колдоосу менен Талас районунда 2716 адам акысыз медициналык кароодон өттү

Талас районунда 60 жаштан жогорку жарандар үчүн уюштурулган «Карыларга камкордук» аттуу акысыз медициналык акция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чара «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси жана каржылык колдоосу менен 2026-жылдын 30-майынан 3-июнуна чейин өткөрүлдү.

Акциянын алкагында Бишкек шаарынан келген 16 дарыгерден турган адистер тобу Талас районунун тургундарын акысыз кабыл алып, медициналык кароодон өткөрдү. Алардын арасында кардиологдор, офтальмолог, уролог, оториноларинголог (ЛОР), терапевт, ортопед жана маммолог сыяктуу ар түрдүү багыттагы адистер болду.

Кабыл алуу Талас районундагы Манас айылында жайгашкан №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында уюштурулуп, беш күн ичинде райондун беш айыл өкмөтүнөн келген тургундарды камтыды.

Демилгеге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү. Расмий маалыматка ылайык, Талас районунда 60 жаштан жогорку 7795 тургун жашайт. Алардын ичинен 2716 адам аталган акциянын алкагында акысыз медициналык кароодон өттү.

Белгилей кетсек, бул демилге алгач 2026-жылдын март айында «Үзүр» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан көтөрүлүп, компаниянын колдоосу менен Талас шаарында эки күндүк медициналык акция өткөрүлгөн. Көрсөтүлгөн кызматтарга болгон суроо-талапты эске алуу менен «Альянс Алтын» компаниясы долбоорду колдоого алып, өнөктөш уюмдар менен биргеликте анын масштабын кеңейтүүгө көмөк көрсөттү.

Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закированын айтымында, мындай иш-чаралар калктын саламаттыгына кам көрүүдө өзгөчө мааниге ээ.

«Калктын саламаттыгына кам көрүү максатында уюштурулган бул иш-чара Талас районунда ийгиликтүү өттү. Мындай пайдалуу демилгени мындан ары да улантып, облустун башка райондорунда дагы “Альянс Алтын” компаниясы менен биргеликте өткөрүүнү пландап жатабыз. Ушундай социалдык долбоорлорду колдоп келген компанияга терең ыраазычылык билдирем», – деди Айгүл Закирова.

Акцияга келген Арал айылынын тургуну Чокойбек Сулайманов да уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Мындан үч жыл мурун жүрөгүмө стент койдургам. Бүгүн ошол кардиологго көрүнүп кетейин деп келдим. Азыркы учурда баары акча менен байланышкан заманда акысыз медициналык кароодон өтүү чоң мүмкүнчүлүк экен. Бул жерде канчалаган ата-апалар ыраазы болуп, батасын берип жатышат. Ушундай шарт түзүп берген “Альянс Алтын” компаниясына чоң ыраазычылык билдиребиз», – деди ал.

Ал эми акцияга катышкан ортопед Талантбек Тажибаев кароодон өткөндөрдүн арасында таяныч-кыймыл аппаратына байланышкан көйгөйлөр көп кездешкенин белгиледи.

«Кароодон өткөн жарандардын арасында бел, муун жана бут ооруларына даттангандар арбын болду. Айрым улгайган адамдардын кыймыл-аракети да кыйла чектелип калганын байкадык. Ар бир бейтапка кеңеш берилип, керектүү учурда кошумча текшерүүдөн өтүү жана дарылануу боюнча багыттамалар сунушталды», – деди дарыгер.

«Карыларга камкордук» акциясы улгайган адамдардын сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, оорулардын алдын алууга жана өз убагында аныктоого багытталган маанилүү социалдык долбоорлордун бири болуп калды. Айрыкча алыскы айылдарда жашаган улгайган жарандар үчүн тажрыйбалуу адистердин кароосунан акысыз өтүү чоң мүмкүнчүлүк түздү.

«Мындай демилгелер калктын ден соолугуна кам көрүүгө гана эмес, коомдо социалдык жоопкерчиликти чыңдоого, улгайган муунга болгон көңүл бурууну арттырууга да өбөлгө түзөт. «Альянс Алтын» компаниясы мындан ары да жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоону улантат» — , деп билдирди «Альянс Алтын» компаниясынын басма-сөз кызматы.

Конец формы

4 Июнь 2026 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча