Ашууларда абал кандай?

Бүгүн, 16-декабрь саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

16 Декабрь 2025 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча