Ат-Башыда алимент төлөбөгөн жарандан миллион сомго жакын каражат өндүрүлдү

Кыргызстанда алиментти узак убакыттан бери төлөбөй келген жарандан 940 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун тургуну ай сайын кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттүү болгон. Сот аткаруучулары топтолуп калган карызды өндүрүп, каражатты алуучуга өткөрүп беришкен.
«Мажбурлап аткаруу чараларынын натыйжасында көрсөтүлгөн сумма толугу менен өндүрүлүп, мыйзам талаптарына ылайык, өндүрүп алуучуга которулду», — деп белгилешти кызматтан.

27 Январь 2026 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча