Автобуста накталай эмес төлөм айдоочулардын ишин жеңилдеттиби?

Өлкөдө 1-июлдан тартып накталай эмес төлөм системасы киргизилгенден кийин айдоочулардын иши кыйла жеңилдегендигин «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров жергиликтүү радиолордун биринде билдирди.

Анын айтымында, айдоочулардын 70 пайызы мурдагыдай жүргүнчү талашып, акча алып-берип убара болбой, учурда тынч шартта иштеп жатышканын билдиришкен.

«Бишкек шаарында муниципалдык автобустарда жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында ишке ашырылган. Буга чейин айдоочулар жүргүнчү талашып, аялдамадан аялдамага чейин жарышып айдап, жолдо кооптуу абал жаратып келишкен. Мындай шартта 10 жыл иштеши керек болгон автобустар 5 жылда жарактан чыгып калуу тобокелдиги да жаралган. Эми мындан ары айдоочулар план толтуруу үчүн эмес, жүргүнчүлөрдү коопсуз жана маданияттуу тейлөөгө басым жасашууда. Ошондой эле айдоочу менен жүргүнчүнүн түздөн-түз төлөм жүргүзүү байланышына жол берилбейт»,- дейт Капаров.

Маалым болгондой, накталай эмес төлөм киргизилгенден бери төлөмдөрдүн саны өсүп, транзакциялар мурдагыга салыштырмалуу 170 миңге көбөйгөн.

Муниципалдык ишкана жетекчиси төлөмдөрдү көзөмөлдөө максатында “Тулпар” системасы жана муниципалдык ишкана тарабынан 100гө жакын текшерүүчү иш алып бараарын айтты. Учурда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, накталай төлөмдү толук жоюу талабы коюлган.

6 Июль 2026 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча