Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, бүгүн, 9-апрелде мелдештин төртүнчү күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.
Кыргызстандын курама командасынын балбандары:
Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат.
Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.