Бүгүн кечинде жерди күчтүү магниттик бороон капташы мүмкүн

Бүгүн, 4-июнь күнү кечинде жерде G3 деңгээлиндеги күчтүү жана узакка созулган магниттик бороон болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институту билдирди.

Окумуштуулардын маалыматына караганда, буга күндөгү бир катар күчтүү жарылуулардан кийин жерди көздөй чыккан бир нече плазма булуттары себеп болот. Адистердин айтымында, плазма булуттары бир чоң түзүлүшкө биригет. Ошондуктан магниттик бороон узакка созулушу мүмкүн.

G3 деңгээлиндеги бороон күчтүү деп эсептелет, бирок эң күчтүүлөрдүн катарына кирбейт. Окумуштуулардын баамында, ал быйылкы жылдагы эң күчтүү бороондордун бири болушу мүмкүн. Мындай шартта уюлдук жарыктардын пайда болуу ыктымалдыгы да жогорулайт. Магниттик бороондор 5 деңгээлге бөлүнөт: G1 — алсыз, G5 — экстремалдуу.

Дарыгерлер мындай күндөрү:

  • эс алуу режимин сактоону;
  • көбүрөөк суу ичүүнү;
  • ашыкча физикалык жүктөмдөрдөн алыс болууну сунушташат.

4 Июнь 2026 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча