Бүгүндөн тарта Бишкектин бир катар аймактарында үч күн газ болбойт

«Бишкекгаз» газ кызматы бүгүндөн тарта Бишкектин бир катар аймактарында газ болбой тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү басымдагы газ куурундагы жумуштарга байланыштуу 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин Васильев, Ганди, Можайский, Манас, Саадаев көчөлөрү, ошондой эле Витебск, Белоозерск жана Бреслав кыска көчөлөрү менен чектелген аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Жумуштар мэриянын демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Бул борбор калаадагы жолдорду реконструкциялоого байланыштуу болуп жатат.

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерден жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат. Жумуштар газ менен коопсуз жана ишенимдүү камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

10 Сентябрь 2026 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча