Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы робот-хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министр Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медицина тармагынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга системанын иштөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, министр Дамир Осмонов робот-хирургду өзү сынап көрдү. Анын айтымында, операцияны робот өз алдынча жасабайт, бардык аракеттерди хирург көзөмөлдөйт.
«Жабдуу дарыгерге хирургиялык аспаптарды так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жасоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле операция жасалып жаткан жерди 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө татаал операцияларда маанилүү», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, медакадемияда жакын арада клиникалык базада робот-ассистентти пайдаланып, операцияларды баштоо пландалууда. Ошондой эле быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүн дагы бир робот-хирургиялык системаны сатып алуу күтүлүүдө. Тендердик жол-жобо аяктаган, жабдууларды жакын арада жеткирүү пландалууда.