Нарында 96,5 млн сомдук мейманкана мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунда 96 млн 587 миң 170 сомго бааланган муниципалдык мейманкана имараты жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Облустук прокуратуранын текшерүүсүндө 2003-жылы Нарын шаар башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан ошол учурдагы жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулуп, мейманкана имараты 23,5 миң чарчы метр жер тилкеси менен жеке менчикке берилгени аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында мүлк жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

10 Сентябрь 2026 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча