Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, кечээ Кыргызстанда үч жер титирөө катталды.
Алгачкы жер титирөө 9-сентябрда саат 11:54тө катталып, очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Орто-Сырт айылынан түштүк-батышты карай 20 чакырым, Баетов айылынан түштүк-батышты карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.
Саат 22:37де сейсмологдор күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөөнү катташкан. Анын очогу да Кыргызстандын аймагында — Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышты карай 11 чакырым, Баетов айылынан батышты карай 31 чакырым аралыкта жайгашкан. Көчкөр-Дөбө (Көк-Жар), Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.
Саат 23:03тө Сейсмология институту очогунда күчү 3,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөөнү каттаган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышты карай 12 чакырым, Баетов айылынан батышты карай 31 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Көк-Жар, Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 3 балл, ал эми Үгүт, Ак-Тал, Кадыралы, Сары-Иймек, Кара-Ой, Байгенчек айылдарында 2,5 баллга жеткен.