Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан жаратылыш ресурстарын коргоо, мыйзамсыз браконьерликке каршы күрөшүү багытында үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан Айтматов районуна караштуу Кара-Буура постунда салмагы 124,8 килограммды түзгөн эндиктин тамыры аныкталган.
Аталган факты боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, алынган эндиктин тамыры жана башка материалдар мыйзам талаптарына ылайык кароо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Айтматов районунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.