Учурда Токтогул суу сактагычында 11,2 миллиард куб метр суу топтолду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, быйыл 4,1 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо пландалууда. Анткени өлкөдө өндүрүш көлөмү өсүп, генерация анын артынан кууп жете албай жатат.
«Жарык тартыштыгын жабуу максатында электр кубатын Россиядан, Казакстандан (ЕАЭБ өлкөлөрү), ошондой эле Түркмөнстан менен Өзбекстандан сатып алып жатабыз», — деди ал.
Ошол эле учурда Рысбеков быйыл кышында керектөөчүлөргө 5 киловаттык лимит киргизүү пландалбаганын кошумчалады.