Балбандар Вьетнамда Азия чемпионатына катышат. Кимдер барат?
23-31-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, аталган мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командалары катышат.
Континенталдык биринчиликте кыз-келиндер күрөшү, грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Азиянын мыкты балбандары күч сынашат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
- 53 кг чейин — Азиза Келдибекова;
- 55 кг чейин — Арууке Кадырбек кызы;
- 57 кг чейин -Таңчолпон Кыбалбекова;
- 59 кг чейин — Акылай Чыныбаева;
- 62 кг чейин — Калмира Билимбек кызы;
- 65 кг чейин -Гүлнур Таштанбекова;
- 68 кг чейин — Меруерт Октябрева;
- 72 кг чейин — Кайыргүл Шаршебаева;
- 76 кг чейин — Айжаркын Жаныбекова.
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков;
Улук машыктыруучу — Нурдин Донбаев.
Грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын тизмеси :
- 56 кг чейин — Нурболот Бердикулов;
- 60 кг чейин — Нуристан Суеркулов;
- 63 кг чейин — Баяман Апилов;
- 67 кг чейин — Баяман Каримов;
- 72 кг чейин — Ырыскелди Хамзаев;
- 77 кг чейин — Илгиз Каныбеков;
- 82 кг чейин — Эрлан Марс уулу;
- 87 кг чейин — Артыкбек Алымбек уулу;
- 97 кг чейин — Жениш Жумабеков;
- 130 кг чейин — Нурболот Токтогонов.
Башкы машыктыруучу — Руслан Царев;
Улук машыктыруучусу — Арсен Эралиев;
Машыктыруучу — Айбек Бердалиев.
Эркин күрөш боюнча курама командасынын тизмеси:
- 57 кг чейин — Баяман Керимбеков;
- 62 кг чейин — Юхан Догдурбек уулу;
- 65 кг чейин — Өскөнбай Абдисаматов;
- 70 кг чейин — Залкар Табалдиев;
- 74 кг чейин — Адилет Акылбеков;
- 79 кг чейин — Байтемир Түлөбердиев;
- 86 кг чейин — Элнур Акыбаев;
- 92 кг чейин — Улук Сооронбеков;
- 98 кг чейин — Кутман Төлөбалдиев;
- 125 кг чейин — Жаргалан Будажапов.
Улук машыктыруучу — Илгиз Жакыпбеков;
Улук машыктыруучу — Эламан Догдурбек уулу.
21 Май 2026 жыл 14:51